АКШ Орусия менен Түндүк Кореянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү «кооптуу» деп эсептейт

  • 8 месяцев мурун

АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусиянын Түндүк Корея менен БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын бузушу мүмкүн болгон программалар боюнча кызматташуу тууралуу сүйлөшүп жатканын «кооптуу» деп эсептейт.

«Кеңейтилген кызматташтык жана аскердик жеткирүүлөр сыяктуу көрүнгөн сүйлөшүүлөр кыйла кооптуу жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин көптөгөн резолюцияларын бузушу мүмкүн»деди Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жолугушуусу тууралуу пикирин билдирген Мамдепартаменттин өкүлү Мэрью Миллер.

13-сентябрда Путин менен Кимдин төрт саатка созулган жолугушуусунан кийин Түндүк Кореянын лидери Пхеньян Москваны «толугу менен колдой турганын» айткан.

Ушул эле күнү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва менен Бээжин Түндүк Кореяга салынган санкциялардан баш тартарын, анткени ал чектөөлөр «таптакыр башка геосаясий кырдаалда кабыл алынганын» билдирген.

Түндүк Кореяга өзөктүк жана ракеталык программалары үчүн эл аралык санкцияларды Орусия менен Кытай туруктуу мүчө болгон БУУнун Коопсуздук кеңеши киргизген.

Түндүк Корея Сирия менен катар Украинадагы согушта Москваны ачык колдогон эки өлкөнүн бири.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты