АКШ Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын кошумча 49 миң дозасын тапшырды

  • 2 года мурун

Америка Кыргызстанга COVID-19-га каршы Pfizer вакцинасынын 49 140 дозасын 10-декабрда тапшырды.

Бул тууралуу Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Вакцина COVAX демилгеси аркылуу жеткирилди.

«Коопсуз жана натыйжалуу вакциналардын элге жеткиликтүү болушу бул пандемияны жеңүү үчүн абдан маанилүү. Мен бул вакциналар кыргызстандыктардын өмүрүн коргоого жана коркунучтуу жаңы варианттардын жайылышын алдын алууга жардам берет деп ишенем”,- деди АКШнын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Бул АКШ тарабынан Кыргыз Республикасына берилген Pfizer вакциналарынын экинчи жолу жеткирилиши. Биринчи партия 2021-жылдын 27-октябрында келген.

«Кыргызстан 49 миң доза өлчөмүндөгү Pfizer-Biontech вакцинасынын кезектегипартиясын алды. Мен АКШ өкмөтүнө жана COVID-19 менен күрөшүүдө бизге жардам берип жаткан бардык өнөктөштөрүбүзгө терең ыраазычылык билдиргим келет. Pfizer-Biontech вакциналары кыргызстандыктарга октябрь айынын аягында жеткиликтүү болуп, 30 миңден ашуун адам эмдөөдөн өткөн.

Саламаттык сактоо министри биз баарыбыз эмдөө COVID-19 менен күрөшүүнүн жана эмдөө алуунун эң натыйжалуу жолдорунун бири экенин түшүнүшүбүз керектигин, биргелешкен күч-аракет менен коронавирустук пандемияга туруштук бере аларыбызды айтты.

Пандемия башталгандан бери, АКШ Кыргыз Республикасында COVID-19 илдетин алдын алуу, аныктоо жана дарылоо үчүн 9 млн доллардан ашык каражат бөлүп берген. Андан тышкары, бул акча жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лабораторияларды модернизациялоого, медициналык жана башка адистерди окутууга багытталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты