АКШ Кыргызстан менен Тажикстан компанияларына санкция салды

  • 5 месяцев мурун

12-декабрда Кошмо Штаттардын каржы министрлиги Орусиянын аскердик өндүрүшүн керектүү жабдыктар менен камсыз кылганы үчүн бир нече өлкөдөгү 150дөн ашуун адамга жана компанияга жаңы санкциясын жарыялады.

Алардын арасында Бишкекте катталган «Вайтмэнн Хандельн Альянс» (Weitmann Handeln Allianz LLC) аттуу жоопкерчилиги чектелген коом бар.

«Weitmann курамына автоматтык эсептөөчү машиналарды жана маалыматты сактоочу жабдыктарды камтыган жүздөгөн жүктү Орусияга жөнөткөн», — деп айтылат АКШнын Каржы министрлигинин билдирүүсүндө.

Вашингтондун соңку санкциясына байланыштуу «Вайтмэнн Хандельн Альянс» ишканасы комментарий бере элек. Кыргызстандын Юстиция министрлигинин реестри көрсөткөндөй, бул компания 2022-жылдын 24-августунда Бишкекте түзүлгөн. Расмий сайтында компания генераторлордон тарта электроника жабдыктарына чейинки товарлардын соодасы менен алектенери, логистика багытында иш алып барары жазылган.

Бул арада Тажикстанда жайгашкан Kafolati Komil компаниясына да санкция салынды. АКШ бийлигинин белгилешинче, ал Бириккен Араб Эмираттары аркылуу чет элдик учактардын тетиктерин жөнөтүү менен алектенет.

Кошмо Штаттар буга чейин да кыргызстандык беш компанияга Орусияга салынган санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөштү деген негизде санкция салган.

Өзбекстандык Mvizion компаниясы санкция киргизилген орусиялык фирмага “электрондук компоненттерди жана компьютердик программалык камсыздоону” сатканы үчүн ноябрда АКШнын Соода министрлигинин “кара тизмесине” киргизилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты