АКШ: Дональд Трамп жана Илон Маскка каршы “Колуңду тарт!” акциясы өттү

  • 1 месяц мурун

5-апрелде АКШнын бардык 50 штатында президент Дональд Трамп жана президенттин жакын кеңешчилеринин бири Илон Маскка каршы “Колуңду тарт!” аттуу каршылык акциясы өттү. Иш-чараны профсоюз уюмдары, активисттер жана жарандык укук коргоо уюмдары өткөрдү.         

Associated Press агенттиги белгилегендей, митингдер эч кимди кармап кетпестен, тынч өткөрүлдү. Мындай акциялар Трамп  бийликке кайрадан келгенде да өткөрүлгөн. Бирок АР белгилегендей, мынчалык көп эл катышкан митинг болгон эмес. АКШ боюнча 1400 акция өткөнү айтылды. Дональд Трамптын резиденциясынан анчалык алыс эмес Палм-Бич шаарында да демонстрацияга жүздөгөн адам катышкан.   

Демонстрация өлкөнүн бардык шаарларында өткөн. Анда “ Биздин демократиядан колуңду тарт!”, “Социалдык коргоодон колуңду тарт!”, “Билим берүүдөн колуңду тарт!” ж.б. ураандар менен чыгышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты