Акчалай компенсацияны кимдер ала алат? Жарлык
- 4 недели мурун
Президент Садыр Жапаров “Жарандардын айрым категорияларына ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, 2025-жылдын 1-январынан тартып республикалык бюджеттин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларына жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация төлөө каралган.
Кимдер ай сайын төлөнүүчү акчалай компенсацияны ала алат?
1. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары 10000 сом;
2. Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары 10000;
3. Концлагерлердин мурдагы жашы жете элек туткундары 10000;
4. “За оборону Ленинграда” медалы жана/же “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдар 10000 сом;
5. Башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринде жаракат алган майып-аскер кызматчылары 10000;
6. СССРди коргоодо же башка мезгилдерде аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда жарадар болуунун, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун кесепетинен майып болгон аскер кызматчылары 10000;
7. Башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуучулары 8000;
8. Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен жабыр тарткан майыптар жана нурлануу оорусуна чалдыккан жана жабыркаган адамдар 10000;
9. 1986–1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар 3500;
10. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана/же медалдары менен сыйланган, майыптуулук тобу бар адамдар 2000;
11. Саясий жана/же диний ынанымы үчүн социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиялардын натыйжасында жапа чеккен реабилитацияланган жарандар 1500;
12. 1988–1989-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар 2000;
13. Чернобыль АЭСиндеги авариянын натыйжасында курман болгондордун, нурлануу оорусунун кесепетинен каза болгондордун жана каза болгон майыптардын үй-бүлөлөрү 1500;
14. Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан адамдардын балдары (18 жашка чейинки) 1500;
15. Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган майыптуулугу жок адамдар 1000;
16. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү 1500;
17. Аскер кызматынын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү 1500;
18. Кызматтык милдеттерин жана кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгон, ошондой эле кызмат өтөө мезгилинде жарадар болуунун, жаракат алуунун, мертинүүнүн, оорунун кесепетинен кызматтан бошогондон кийин каза болгон ички иштер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү 1000;
19. Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон майыптарынын экинчи никеге турбаган жесирлери (жесилдери) 1500;
20. Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон катышуучуларынын экинчи никеге турбаган жесирлери 1500;
21. “Кыргыз Республикасынын ардактуу донору” төш белгиси менен сыйланган адамдар 1000;
22. Көрүүсү жана угуусу боюнча майыптар 1000;
23. 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары 1000.
Сүрөт: president.kg