“Ак-Жол-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкери кармалды

  • 3 месяца мурун

Аскер прокуратурасы тарабынан чек ара кызматындагы «Ак-Жол — автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун улук контролеру Н.Р.А. кармалды.

Бул тууралуу башкы прокуратуранын сайтында маалымдалды.

Ал өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда мыйзам талаптарын одоно бузуп, укук коргоо органдарынын оор кылмыш боюнча З.И.К. аттуу шектүү жаранды кармоо тууралуу оперативдик тапшырмасын аткарган эмес. Бул мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында, кылмышка шектүү жаран жоопкерчиликтен качууга мүмкүнчүлүк алган.

Кармалган кызматкер Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилип, тергөө иштери аАскер прокуратурасынын тергөө башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: prokuror.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты