«Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде жүк ташуучу машинелердин тыгыны пайда болду

  • 2 года мурун

22-февраль саат 10:30га карата Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде 180дей жүк ташуучу машине кезекте турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 60тай машина жүккө байланыштуу тиешелүү документтерди күтүп жатат. Чек ара кызматы тыгын жүк ташуулардын көбөйүшүнөн улам пайда болгонун билдирип, жүк ташыган машинелер Казакстанга «Кең-Булуң» өткөрмө бекети аркылуу дагы өтсө болорун эскертти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты