Ак-Талаада 1,98 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
- 9 месяцев мурун
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жайгашкан, мурда Колхоздор аралык курулуш уюмуна (ККУ) таандык 1,98 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ККУ 1964-жылы өндүрүш объекттерин куруу максатында түзүлүп, ошол эле жылы 4 гектар жер бөлүнүп берилген. Бирок 1993-жылы аталган уюм “Демилге” аттуу акционердик коом болуп кайра түзүлүп, жетекчи Ч.К. тарабынан 2004-жылы жеке менчикке өткөрүлүп кеткен.
Азыркы тапта бул тилке Баетов айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди. УКМК маалымдагандай, мурдагы ККУга тиешелүү башка объекттерди мамлекетке кайтаруу иштери да уланууда.
Муну бөлүшүү




