Ак-Сууда турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү
- 6 месяцев мурун
Бүгүн, 21-январда, Ак-Суу районунун Жыргалаң айылындагы Комсомол көчөсүндө турак үйдөн өрт чыккандыгы жөнүндө тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын 7-өзүнчө мобилдик тоо кырсыгынан куткаруу взводуна маалымат берилген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жерине аталган взводдон 4 куткаруучу саат 07:47де чыккан болсо, Ак-Суу районунун №39 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп саат 08:06да тартылган.
Тилсиз жоо саат 10:32де толук өчүрүлдү. Ал эми турак үйдөн чыккан жалын сарайга да өтүп, өрттүн жалпы ээлеген аянты 110 чарчы метрге жеткен. Күйгөн тактайлар куткаруучулар тарабынан чыгарылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.
![Ак-Сууда турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү](https://pk.kg/wp-content/uploads/2024/01/ak-suuda.jpg)
![Ак-Сууда турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү](https://pk.kg/wp-content/uploads/2024/01/ak-suu2.jpg)
Сүрөттөр: ӨКМ
Муну бөлүшүү