“Ак-Кула” ат майданынын аймагы «РЦА Ливинг” ЖЧКсына 49 жылга пайдаланууга берилди
- 7 месяцев мурун
Бишкек шаарынын мэриясында «РЦА Ливинг» ЖЧКсы менен «Ак-Кула» ат майданынын аймагын акысыз өткөрүп берүү боюнча келишимге жана макулдашууга кол коюлду.
Бишкек мэриясында мурдагы “Ак-Кула” ат майданынын аймагын өткөрүп берүү боюнча «РЦА Ливинг» ЖЧКсы менен келишимге жана макулдашууга кол коюу аземи өттү.
2024-жылдын 8-июлунда Бишкек шаарынын мэриясына «ROX Group» жана «TNG Global Foundation» компанияларынан “Ак-Кула” ат майданынын мүлк комплексин сатып алуу сунушу келип түшкөн.
«ROX Group» жана «TNG Global Foundation» компаниялары «РЦА Ливинг» ЖЧКсы туунду компаниясын түздү.
Келишимге ылайык, жер тилкесин 49 жылга пайдалануу үчүн шаардык бюджетке 5,8 млрд сом өлчөмүндө төлөм каралган. Ошондой эле 3,5 миллиард сом суммасында Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине акысыз өткөрүп берүү менен социалдык объекттерди (үч жалпы билим берүү мекемелери; үч мектепке чейинки билим берүү мекемелери; парк зоналары; муниципалдык жолдор жана тротуарлар, жогоруда аталган объекттерге инженердик тармактар) куруу каралган.
Мындан тышкары, инвестор Бишкек шаарынын Башкы планын иштеп чыгууга каражат бөлүүдө. Натыйжада шаардык муниципалитетке 10 миллиард сомго чейин киреше түшөт.
Эски ат майдандын ордунда заманбап турак жайларды, бизнес борборлорду, коомдук имараттарды, ошондой эле социалдык объектилерди куруу пландаштырылууда.
Инвестициялардын жалпы көлөмү болжол менен 87 миллиард сомду түзөт.
Белгилей кетсек, көз карандысыз эксперт тарабынан объекттин баштапкы баасы менен белгиленген 8 731 917 000 (сегиз миллиард жети жүз отуз бир миллион тогуз жүз он жети миң) сом өлчөмүндө баалоо жүргүзүлгөн.
«ROX Group» жана «TNG Global Foundation» компанияларына «Ак-Кула» ат майданы» мүлк комплексин жалпы аянты 53,61 га жер участогу менен түз сатуу ыкмасы менен менчиктештирилип берилери айтылган.
«Ак кула» ат майданы буга чейин үч жолу аукционго коюлган. Көз карандысыз экспертиза тарабынан объекттин баштапкы баасы менен белгиленген 8 731 917 000 (сегиз миллиард жети жүз отуз бир миллион тогуз жүз он жети миң) сом өлчөмүндө баалоо жүргүзүлгөн.
Сүрөт: Бишкек мэриясы.