“Ак кула” ат майданынын 8 млрд 731 млн ашуун сомго бааланган мүлкү аукционго коюлду  

  • 3 месяца мурун

Бишкек шаарынын мэриясы 16-майда саат 10:00дө өтө турган Шаршен Термечиков 1 көчөсүндө жайгашкан Ак-Кула ат майданынын мүлк комплексин аукционго койду.

Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Маалыматта турак эмес жайлардын аянты 1818,5 чарчы метр, жер тилкесинин аянты 45,736 гектарды (457 360 чарчы метр) түзөт.

Тиешелүү чечимди муниципалдык менчикти менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия кабыл алды.

Көз карандысыз экспертиза тарабынан объекттин баштапкы баасы менен белгиленген 8 731 917 000 (сегиз миллиард жети жүз отуз бир миллион тогуз жүз он жети миң) сом өлчөмүндө баалоо жүргүзүлгөн.

Аукцион үчүн тиркеме: https://auctionetp.gov.kg/msu

Сүрөт: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты