Ак калпак — элибиздин маданий мурасынын көрөңгөсү. Президенттин куттуктоосу

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, кыргызстандыктарды ак калпак күнү менен куттуктады.

Куттуктоодо мындай деп айтылат:

-Кыргызстан эли муундан-муунга өтүүчү тарыхый жана маданий мураска өтө бай. Ал улуттун руханий, экономикалык жана социалдык кенчи болуп саналат. Биздин ак калпагыбыз баш болгон улуттук кийим – элибиздин тарыхы менен тыгыз байланышып, анын маданияты менен турмуш-тиричилигинин ажырагыс бир бөлүгү болуп келди. Ошентип, ата-бабаларыбыздан калган ак калпак маданий мурасыбыздын маанилүү көрөңгөсүнө айланды.

Жыл сайын өлкөбүздө 5-март ‒ Ак калпак жана улуттук кийим күнүнө карата анын маани-маңызын чечмелөө, жайылтуу менен, кыргыз маданиятына болгон атуулдук сезимдерди ойготуу максатында жер-жерлерде салтанаттуу иш-чаралар уюштурулуп келе жатканы кубандырат.

Ата-бабаларыбыз эзелтен маданий мурасыбызга аяр мамиле кылып, кастарлап сыйлап келишкен. Элибиздин баш кийимге болгон мамилеси бүгүн да өзгөчө. Анын ысык-суукка бирдей кызмат кылган кийизден жасалышына, калпакка түшүрүлгөн оймо-чиймелердин философиялык маанисине, жаш курагына жараша кыргактарынын ар кандай түстө болушуна да көңүл бурушкандыгынын өзү эле кыргыз элинин улуулугунун далили десек жаңылышпайбыз.

Сиздерди ак калпак күнү менен чын дилимден куттуктайм. Биздин салттуу кийим улуттун улуулугун сактап, байыркы нарк-насилибиз, көөнөргүс казына болгон асыл-наркыбыз өнүгүп, кылымдар сынынан өткөн маданиятыбыз дүйнөгө тааныла беришине тилектешмин!

Ар дайым аскар зоолуу, бийик Ала-Тоону туюнткан ак калпак кыргыздардын башынан түшпөсүн!

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты