“Ак илбирсти сактайлы!”. Бишкекте эл аралык марафон өтүп жатат  

Бүгүн, 17-сентябрда, Бишкек шаарында Ак илбирсти сактоо боюнча жыл сайын өтүүчү эл аралык кайрымдуулук жарым марафону — BMW SNOW LEOPARD RUN Бишкектин башкы борбордук көчөлөрүндө өтүп жатат.

Мындагы каражаттарынын бир бөлүгү жыл сайын кайрымдуулук иштерине жумшалат. Иш-чара 5000 адамдын катышуусу менен «Ала-Тоо» аянтында өтөт. Жарыштын алкагында 1 км, 5 км, 14 км, 21.1 км аралыктар, ошондой эле 3 жаштан 9 жашка чейинки балдар үчүн жарышы каралган.

Уюштуруучулар шаар тургундарынан, айдоочулардан айрым көчөлөр тосулуп, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

«BMW SNOW LEOPARD RUN» -бул эл аралык жарым марафон. Бишкектин Чүй проспектисинен, Абдрахманов көчөсүнөн башталып, ВДНХ, Манас проспектисине, архитектура жана тарыхый эстеликтер тараптан өтөт.   

Бул спорт майрамы төрт жылдан бери өтүп келе жатат. Катышуучулардын арасында чет өлкөдөн келгендер да бар.

Сүрөт: Nomad sport.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты