Бишкекте 17-сентябрдагы марафондо айрым көчөлөр жабылат

  • 2 months мурун

17-сентябрдагы марафондо айрым көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-сентябрда Бишкекте Ак илбирсти сактоо боюнча жыл сайын өтүүчү эл аралык кайрымдуулук жарым марафон Бишкектин башкы борбордук көчөлөрүндө өтөт.

Буга байланыштуу жарыштын маршруту өтө турган көчөлөр жабылат. 17-сентябрда саат 06:00дөн 10:00гө чейин 21-чакырымда төмөнкү көчө тилкелери жабылат:

– Чүй проспектиси Манас проспектисинен Ю. Абдрахманов көчөсүнө чейин;

– Абдрахманов (Совет) көчөсү Чүй проспектисинен Иманалиев көчөсүнө чейин;

– Иманалиев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин;

– Масалиев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин;

– Ч.Айтматов проспектиси Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.

Белгилей кетсек, баштапкы төгүмдөрдүн каражаттарынын бир бөлүгү жыл сайын кайрымдуулук иштерине жумшалат. Иш-чара 5 миң адамдын катышуусу менен “Ала-Тоо” аянтында өтөт. Жарыштын алкагында 1 км, 5 км, 14 км, 21.1 км аралыктар, ошондой эле 3 жаштан 9 жашка чейинки балдар үчүн жарышы каралган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты