“Ак илбирс” экологиялык коридору түзүлдү
- 9 месяцев мурун
Ысык-Көл облусунда «Ак илбирс» экологиялык коридору түзүлдү. Ал биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн сейрек түрлөрүн коргоого багытталган.
Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Экологиялык коридордун жалпы аянты 792 миң гектардан ашкан «Хан-Теңири» мамлекеттик жаратылыш паркын, Сарычат-Ээрташ коругун жана Нарын коругун кошкондо бир нече корголуучу жаратылыш объекттерин бириктирет.
Малыматта айтылгандай, коридордун аймагында өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды интродукциялоо, уу химикаттарды пайдалануу, радиоактивдүү калдыктарды көмүү, ошондой эле экосистемага терс таасирин тийгизе турган ар кандай аракеттер сыяктуу бир катар иш-аракеттерге катуу чектөөлөр киргизилген. Ошону менен бирге жапайы жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган иш-чараларга уруксат берилди.
Буга илимий изилдөөлөр, мыйзамга ылайык токойду пайдалануу, токой өсүмдүктөрүн отургузуу жана жаныбарлардын айрым түрлөрүнүн санын жөнгө салуу кирет.
Министрлик маалымдагандай, «Ак илбирс» экологиялык коридорун түзүү аймактагы жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу жана айлана-чөйрөнү коргоо багытындагы маанилүү кадам болуп саналат.





