Ак-Буура дарыясынан сел агызып кеткен экинчи кишинин сөөгү табылды
- 6 месяцев мурун
Ош шаарынын Катта-Терек участкасында Ак-Буура дарыясынан (Өзбекстандын чек арасына 500м жетпей) өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучусу Алтынбек Исабеков тарабынан саат 11:30да аял кишинин сөөгү табылды.
Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Такталган маалымат боюнча, табылган жаран буга чейин изделип жаткан 1980-жылы туулган Н.Д . аттуу аял киши ( кыздардын апасы) экени аныкталды.
Кечээ, 14-июль күнү 2018-жылы туулган Н.С аттуу кыздын сөөгү Өзбекстандын Анжиян шаарынын Шахронсой сайынан саат 22:40да сөөгү табылган.
Селге агып кеткен эки аял жана 2 кичине кыз изделип жаткан.
14-июль күнү саат 14:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Бөрүбай-Ата эс алуучу жайында сел жүрүп, Төлөйкөн айылындагы «Мөл-Булак» эс алуу борборунда 4 адамды сел суусу агызгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Ош шаардык мэриясы 14-июлдагы селден улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланганын билдирди.
Ош шаарында 14-июлда, саат 14:00 чамасында жааган жаанга байланыштуу Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайында жана борбордук базарда сел жүрдү.
Сүрөт: ӨКМ