Айзиректин балдарына, жакындарына укуктук жардам көрсөтүлөт

  • 3 недели мурун

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева соңку учурда үй-бүлөлүк зомбулуктун күчөшү коомдогу кооптуу тенденция экенин эскертип, анын кесепети аялдардын ден соолугуна оор зыян тийгизип, айрым учурларда өлүм менен аяктап жатканын өкүнүч менен белгиледи.

Акыйкатчынын мындай билдирүүсүнө 38 жаштагы, беш баланын энеси Айзирек Эралиеванын трагедиялуу өлүмү себеп болду. 26-май күнү түнкү саат 23:20 чамасында анын сөөгү Өзгөн райондук ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлер келин октон алган жаракатынан улам каза болгонун тастыкташкан.

Окуя Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү тарабынан каттоого алынып, Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлгөн. Жыйналган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, келиндин күйөөсү шектүү катары кармалып, соттун чечими менен эки айга камакка алынган. Учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө.

Маркумдун артында беш баласы калды. Акыйкатчы Институтунун маалыматына ылайык, балдарды Айзиректин күйөөсүнүн бир тууган агасы камкордукка алууга даяр экенин билдирген.

Жамиля Жаманбаева Айзирек Эралиеванын өлүмү үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу чараларын күчөтүү зарылдыгын дагы бир жолу айгинелегенин айтты. Ал кошумчалагандай, Акыйкатчы Институту маркумдун жакындарына юридикалык жардам көрсөтөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты