Айзада Канатбекованын уурдалышы жана өлтүрүлүшү: Биринчи документалдык драма көрсөтүлөт

  • 1 год мурун

27-февралда Бишкекте Кыргызстандын тарыхындагы биринчи документалдык криминалдык драманын улуттук бетачары өтөт. Who is next? (Кийинки кезек кимде?) бул 2021-жылдын апрель айында Айзада Канатбекованы куугунтуктаган адам жана бир топ адамдар аны күч менен уурдап, зордуктап, өлтүрүп кеткен трагедиялуу окуя тууралуу тасма.

Бул тууралуу «Сорос-Кыргызстан» фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Аталган фильм “Сорос-Кыргызстан” фондунун жана Борбордук Азиядагы Америка университетинин каржылык колдоосу менен тартылган “Paradigma N” студиясынын долбоору.

Документалдык тасманы эки деңгээлдеги деталдуу талдоого бөлсөк болот: биринчиден аналитикалык (чыныгы криминалдык документалдык жанрдын алкагында – бул кыргыз киносунун тарыхында биринчи жолу жасалып жатат), экинчиден эмоционалдык (үй-бүлөлүк драма).

«Кызды уурдоо кылмышы Кыргызстанда кеңири тараган «ала качуу» учурунда болгонун көрүүчүлөр түшүнүшү керек. Тасмада мындай көрүнүш кандай коркунучтуу кесепеттерге алып келери жана эмне үчүн кылмыштуулукка барабар экени көрсөтүлөт» дейт кинорежиссер Нуржамал Колдоева.

Тасма окуяны талдоо менен гана чектелбестен, Айзаданын апасы Назгүл Шакенова башынан өткөргөн жоготуу трагедиясын да ачып берет. Ошондой эле андагы маанилүү темалардын бири бул тергөө процессиндеги шалаакылык. Шалаакылык боюнча кылмыш иши 2021-жылдын апрель айында козголуп, азыркыга чейин иликтене элек. Бул чыгарма бардык көрүүчүлөр тарабынан берилген “Кийинки кезек кимде?” деген суроого жооп берүү аракети болуп саналат.

Тасма кантип тартылган?

Тасма тартуу иш-чарасы 2021-жылдын октябрында башталып, кайра жаратуу иштери 2022-жылдын март айында аяктаган. Ошондой эле тасманын авторлору жаан-чачындуу аба ырайын күтүшкөн,анткени Айзаданы 5-апрелде катуу жамгыр жааган кезде уурдап кетишкен. 2022-жылдын аягында монтаждоо иштери аяктагандан кийин тасма эл аралык фестивалдарга сунушталган. Улуттук бет ачары Бишкекте 2023-жылдын 27-февралына пландаштырылган.

Тасманын жетекчилери Нуржамал Карамолдоева — кыргызстандык кинорежиссер жана Борбордук Азиядагы Америка университетинин жарандык активдүүлүк борборунун аткаруучу директору. Султан Усувалиев – кино таануучу, А.А. Герасимова С.А. (2017), искусство таануу илимдеринин кандидаты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты