Айыл чарбасына жеңилдетилген кредит: 6 пайыз үстөк менен 5 жылга берилет

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Айыл Банк» жана «РСК Банк» ачык акионердик коомдорунда 12-апрелде көчмө жыйын өткөрдү. Мамлекеттик банктардын жетекчилери жана директорлор кеңешинин мүчөлөрү катышкан жыйында “Айыл чарба тармагын каржылоо” жана “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоорлорунун алкагында жеңилдетилген насыянын берилиши талкууланды.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бакыт Төрөбаев мамлекеттик банктар мамлекеттик саясатты чагылдыруучу орган болушу керектигин белгиледи. 

“Жеңилдетилген насыя үчүн делип мамлекеттик банктарга түшкөн каражатты таратуу менен эле эмес, терең анализ жүргүзүп турушуңуздар керек. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылык боюнча берилип жаткан жеңилдетилген насыялар канчалык жардам берип жатканын жалпы эл сезиши керек” деди ал. 

Жыл башынан бери “Айыл банк”  тарабынан “Айыл чарба тармагын каржылоо” долбоорунун алкагында 892 чарбагерге 422 млн 846 миң сом жеңилдетилген насыя берилсе, ал эми “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоорунун алкагында 29 чарбагерге 133 млн 231 миң сом берилди. 

Ошондой эле «РСК Банк» ААК тарабынан жыл башынан бери “Айыл чарба тармагын каржылоо” долбоорунун алкагында 1025 чарбагерге 473 млн 818 миң сом жеңилдетилген насыя , ал эми “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоорунун алкагында 1374 чарбагерге 1 млрд 438 млн 825 миң сом берилди. 

Белгилей кетсек, насыялар 6 пайыз үстөк менен 5 жылга чейин берилет. 

Жыйында ошондой эле энергиянын кайра жаралуу булактарын пайдалануу менен күн жана шамал электр станцияларын курууда, лизинге айыл чарба техникаларын жана коммуналдык кызматтар үчүн атайын техникаларды алууда жеңилдетилген насыя берүү маселеси айтылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты