Айсулуу Тыныбекова Азиянын бешинчи жолку чемпиону болду   

  • 1 год мурун

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында Айсулуу Тыныбекова жеңишке жетишти. Ушуну менен ал Азиянын бешинчи жолку чемпиону болду.  

Спортчу 62 кг салмакта күч сынашты. Биринчи оюнда ал өзбекстандык балбанды 13 секундда жеңип алган.  Жарым финалда ал япониялык дүйнө чемпиону Ноноки Озакини жеңген.

Финалда ал монголиялык балбан кыз-Оркхон Пуревдорж менен беттешип, 9:4 эсебинде утуп алды.

Буга чейин күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалында Айпери Медет кызы (76 кг чейин) күмүш байгелүү болду. Калмира Билимбек кызы коло медаль тагынды.

Кыргызстандык балбан жигиттер Азия чемпионатында 3 алтын, 1 күмүш, 3 коло медалга ээ болушкан.

Азия чемпионаты Казакстандын Астана шаарында өтүп жатат.

Сүрөт: United World Wrestling

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты