Айрым айыл чарба товарларын ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

  • 1 год мурун

Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу киргизилди.

Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Аталган чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кабыл алынган.

Маалыматта айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) (реэкспортту, транзитти, ошондой эле Министрлер кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленгендиги айтылат.

2022-жылдын 1-ноябрынан тартып 2022-жылдын 31-декабрын кошо алганда Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган  мамлекеттерге буудай унун ташып чыгууга 100 миң тонна көлөмүндө сандык чектөө белгиленет. 

Токтом расмий жарыяланган күндөн жети күндөн кийин күчүнө кирет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты