Айнура Сагынбаева: “Саясатка аттангандар элдин пикирин билип турса” (ВИДЕО)

  • 2 года мурун

ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө “Парламенттик шайлоо: Социологиялык иликтөөлөр эмнени көрсөттү?” деген темада социология илимдеринин кандидаты, “SIAR” көз карандысыз уюмунун жетекчиси Айнура Сагынбаева айтып берет.

-Сентябрда жасаган социологиялык иликтөөлөрдө  “Акыркы шайлоолордо сиздерге партиялар акча сунуштадыбы?” деген суроону дагы бергенбиз. Бир топ, 15 пайыздын тегерегиндеги эл,  “бизге акча сунуштаган” деп айтышты.   Жаштары боюнча карасак, 18-35 жаштагыларга жана айылда жашагандарга көбүрөөк сунуш болуптур.  

Мындай социологиялык иликтөөлөр чоң пайда келтирет.  Баарын анализдеп, шаардыктар, айыл тургундары, улгайгандар, жаштар, аялзаты, мырзалар эмне деп ойлоп атат, алардын пикирлери бирдей эмес, ар түрдүү. Ошондуктан саясатка аттанган мырзаларыбыз, эжекелерибиз, партияларыбыз, элдин пикирин билип турса.

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:    

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты