“Айлык көтөрүлгөнү менен, артынан кымбатчылык келип жатат”. Депутат маселе көтөрдү
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 14-майда, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев кымбатчылык маселесин көтөрдү.
“Пенсия, айлык көтөрүлүп жатат, шүгүр, бирок ошол эле учурда артынан кымбатчылык келип жатат. Бул жерде монополияга каршы комитети креслолоруна жабышпай? эшикке чыгып иштеши керек. «Эки эле мисал келтирип кетейин. Азыр Чүйдө Нефтебазада бензин 60 сом деп турат, 100 метр ары жакта май куюучу жайларда 63-74 сом деп турат, айырмасы 13-14 сом. Кафе-ресторандарды карап көрсөңөр, рестораторлорго 8 пайыздан 4 пайызга салыгын түшүрүп бергенбиз. Ошондо булар тейлөөнү 15 пайызга көтөрүп алган дагы, салыкты азайтканда, булар тейлөө акысын түшүрбөй койгон. Азыр тейлөө жагы 15 пайыз бойдон калып калды. Бул дагы кымбатчылыкка алып келет. Ушул жакты көзөмөлдөп койсоңуздар. Бул бир гана шаарда эмес, региондордо да ушундай маселени көп көтөрүп жатышат. Айлык көтөрүлгөнү менен артынан кайра эле кымбатчылык келип жатат. Көп нерселерди негизсиз эле көтөрүп жатышат» деди депутат Марлен Маматалиев.
Сүрөттө: Марлен Маматалиев. kenesh.kg