2025-жылдагы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү чет өлкөлөр да тааный турганы айтылды
- 2 месяца мурун
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү улуттук айдоочулук күбөлүктү киргизүү жөнүндө чет мамлекеттерди маалымдоого багытталган иш-араларды ишке ашырганын билдирди.
“Министрлик тарабынан Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу тиешелүү маалыматты жайгашкан өлкөлөрдүн компетенттүү органдарына, ошондой эле алардын консулдук округдарына кирген мамлекеттерге жеткирүү камсыз кылынды, жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү таануу маселелери боюнча өз ара аракеттенүү демилгеленди, ошондой эле аны практикалык колдонуу үчүн анын үлгүлөрү жана техникалык мүнөздөмөлөрү жөнөтүлдү.Жыйынтыгында көрсөтүлгөн иш-чаралар толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттөрдө аткарылды” деп айтылат маалыматта.
Буга чейин социалдык тармактарда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк чет өлкөлөрдө жараксыз экендиги тууралуу маалыматтар жарыяланып жаткан.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




