Айдоочулук күбөлүк берүү тартиби бекитилди
- 4 недели мурун
Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк берүү, автомектептерде окуунун жаңы тартиби бекитилди.
Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
15-январдан тартып 15-февралга чейин айдоочулук күбөлүктөр акысыз алмаштырылат. Эски айдоочулук күбөлүгү болгондор үчүн 083 медициналык справка талап кылынбайт. Ал эми жаңы айдоочулук күбөлүк алуучуларга 083 справкасы талап кылынат.
Анын айтымында, “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жарандардын өтүнмөлөрү кийинки жумадан кабыл алына баштайт. Тайпалар толгондон кийин, ким кайсы автомектепте окуй турганы бөлүштүрүлөт.
Теориялык экзаменди жасалма интеллект алат. Буга чейин 750 суроо болсо, эми ал 2000ге жакын суроо болду. Окуунун баасы тууралуу кийинки жумада маалымат берилери айтылды.
В жана С категориясындагы айдоочулук күбөлүктөрдү алуу боюнча окуу программасы бекитилди. В категориясы үчүн окуунун мөөнөтү 480 саат же 10 ай болот. Ал эми С категориясындагы күбөлүктү алуу үчүн 12 ай окуйт.
Программада жолдо жүрүү эрежелеринин теориясы, коопсуз айдоонун негизги жоболору, жол кырсыгында биринчи медициналык жардам көрсөтүү, автоунаа башкаруунун психологиялык-физиологиялык негиздери, айдоочунун этикасы жана практикалык айдоо киргизилген.
Буга чейин, 5-ноябрда түз эфирде президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев айдоочуларды даярдоо боюнча айтылган иштер реформанын аркасында ишке ашарын айтты. 2026-жылдын башынан тартып, жеке автомектептер ишин токтотуп, мамлекетке өтөт жана алар кадимкидей иштей берет. Эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр акысыз алмаштырылат. 2026-жылдан тартып өлкөдө жеке менчик автомектептер ишин токтотуп, мамлекетке өтөт жана алар кадимкидей иштей берет. Жаңы айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн автомектепте окуу 14 айга созуларын билдирген. Окутуулар онлайн өткөрүлөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




