Айдоочуларга эскертүү! Өтмөк жана Төө-Ашууда кар жаады
- 8 месяцев мурун
Бүгүн, 27-сентябрда өлкөнүн тоолуу аймактарында кар жаай баштады. Атап айтканда, Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда жана Бишкек–Ош жолундагы Төө-Ашууда кар жааганы маалым болду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Билдирүүсүнө ылайык, №9 жана №36 жол тейлөө ишканалары жолду тазалоо жана тайгалактыктан сактоо максатында инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Учурда аталган жол тилкелери ачык жана унаа кыймылы уланууда.
Муну бөлүшүү




