Айдоо жерлерин башка категорияга которууга мораторий боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилди   

  • 10 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 21-июлунда «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө», «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамына кол койду.

Мыйзам 15-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Ал инвестицияларды тартуу, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана жарандар үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:

– сугат айдоо жерлерин Кыргыз Республикасынын аэропортторунун аймактарын кеңейтүү жана аэропорт куруу үчүн бөлүнгөн жерлерге которууга (трансформациялоого) мораторий жайылтылбайт;

– айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготуулары жана жоготулган пайдасы аэропортту куруу жана Кыргыз Республикасынын аэропортторунун аймактарын кеңейтүү үчүн жерлерди которууда, ошондой эле Министрлер кабинети тарабынан мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу чөйрөсүндө жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында аныкталган мамлекеттик милдеттерди ишке ашырууда орду толтурулбайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты