Айбек Шаменов президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды
- 2 месяца мурун
Шаменов Айбек президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Айбек Шаменов Улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун директору кызматынан бошотулду.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев кызматынан бошотулуп, Чек ара кызматынын директору болуп дайындалды.
Сүрөттө: Айбек Шаменов. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү