Аида Салянова Свердлов шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлигин койду

  • 2 года мурун

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Бишкектеги №29 Свердлов шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында айтылат.

Маалыматка караганда, 18-январь, саат 16:00гө карата кайра шайлоо өтчү №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдарынан депутаттыкка талапкер болгондордун саны 40ка жетти.

Бул эки округда 2020-жылдын 28-ноябрында өткөн шайлоодо баарына каршы добуш бергендер басымдуулук кылгандыктан, быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.

Эки округдан депутаттыкка талапкер болгондордун арасында алтынчы чакырылыштын депутаттары Ирина Карамушкина, Рыскелди Момбеков жана Шайлообек Атазов да бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты