Адылбек Касымалиев Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолукту

  • 1 месяц мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вашингтон шаарында Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин расмий сайтында маалымдалды.

Анда айтылгандай, алар соода-экономикалык, каржы, инвестиция, жарандык авиация, санкциялар, виза режимин жеңилдетүү сыяктуу эки тараптуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулады.

МинКаб Төрагасы “С5+1” форматынын маанилүүлүгүн белгилеп, өткөн жылы президенттердин бул форматтагы жолугушуусу аймактык кызматташууга күчтүү түрткү болгонун белгиледи.

МинКаб төрагасы мамлекеттик катчыга Кыргызстандын туруктуу экономикалык өнүгүүсү тууралуу маалымат берди. Өлкө экономикасы 2022-2024-жылдары ар жыл сайын 9 пайыздан ашык туруктуу өсүүнү көрсөткөнү, ал эми 2025-жылдын акырына карата бул көрсөткүч рекорддук 11,5 пайызга жеткени белгиленди.

«Биз Америка Кошмо Штаттарын маанилүү өнөктөш катары гана эмес, илимий-техникалык өнүгүүдөгү дүйнөлүк лидер катары да карайбыз. Кыргызстан инновациялар, санариптик трансформация жана алдыңкы технологияларды ишке киргизүү боюнча өнөктөштүгүбүздү кеңейтүүгө кызыкдар» деди Касымалиев.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио сапар үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен өнөктөштүктү бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал америкалык тараптын талкууланган бардык тармактар боюнча конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендигин ырастады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШнын Вашингтон шаарына барды. МинКаб төрагасы Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банк тобунун жылдык жазгы жолугушууларына катышууда. 

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты