Адылбек Касымалиев Тоолуу Алтай шаарына барат

  • 4 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 24-26-июль күндөрү Россиянын Алтай Республикасына жумуш сапары менен барат.

Бул тууралуу МинКаб басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Министрлер кабинетинин төрагасы Тоолу-Алтай шаарында боло турган эл аралык экологиялык конференцияга катышып, пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. 

Пленардык жыйында ошондой эле, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстандын өкмөт башчылары жана Түркмөнстандын өкмөт башчысынын орун басары баштаган делегация башчылары экологиялык чакырыктар: туруктуу өнүгүүгө карай жана климаттын өзгөрүшү аттуу темалардын айланасында сөз сүйлөөрү пландалууда. 

Сүрөттө: Тоолуу Алтай шаары. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты