Адылбек Касымалиев курулуш тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

  • 12 месяцев мурун

Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкөнүн курулуш тармагынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы жана курулуш органдарынын түзүлгөнүнө 100 жыл толушу менен куттуктады.

Касымалиев куттуктоосунда, 2025-жылдагы бул майрам өзгөчө тарыхый мааниге ээ экенин белгилеп, өткөн кылым ичиндеги курулуш тармагынын элибиздин жаратман эмгегин чагылдырган символго айланганын баса белгиледи.

“Шаарлар жана айылдар түптөлүп, мектептер, ооруканалар, завод-фабрикалар жана ири инфраструктуралар — баары куруучулардын колунан жаралды. Алардын катарында Чоң Чүй каналы жана Токтогул ГЭСи сыяктуу тарыхый маанидеги объектилер бар”, — деди ал.

Куруучулардын эмгеги өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түздөн-түз салым кошуп келе жатканына токтолгон Төрага, учурда курулуш тармагы Улуттук өнүктүрүү программасынын (2023–2030-жж.) алкагында стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи.

Ошондой эле Касымалиев курулуш тармагына эмгек сиңирген ардагерлерге терең ыраазычылык билдирип, алардын кесипкөйлүгү менен тажрыйбасы бүгүнкү күндө дагы баалуу экенин айтты.

“Сиздерге чың ден соолук, ийгилик жана элге кызмат кылуунун бийик ыракатын каалайм”, — деп аяктады өз куттуктоосун Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты