Адылбек Касымалиев Гонконгдо Азия каржы форумуна катышат

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапарын Гонконгдон баштады. Сапар 12-14-январь күндөрү уланат. 

Жумуш сапарынын алкагында МинКаб төрагасы жыл сайын дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн алдыңкы эксперттерди, каржы тармагынын лидерлерин жана бизнес өкүлдөрүн бириктирген абройлуу эл аралык иш-чара деп эсептелген — Азия каржы форумуна катышат.  

Форумдун алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы негизги баяндамачылардын бири катары сөз сүйлөйт, ал өз сөзүндө эл аралык каржыга, Кыргызстандын экономикалык өнүгүү келечегине жана анын аймактык экономикалык процесстердеги ролуна байланыштуу актуалдуу маселелерди камтыйт. Инвестицияларды тартууга жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат. 

Сапардын программасына форумга катышуудан тышкары бир катар жолугушуулар пландалган.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты