Административдик сот «Социал-демократтар» партиясынын арызын канааттандырган жок
- 2 месяца мурун
21-ноябрда Бишкек шаарынын Административдик соту «Социал-демократтар» партиясынын арызын четке какты. Аталган партия сотко Борбордук шайлоо комиссиясынын партияны шайлоодон четтетүү боюнча чечимин жокко чыгарууну өтүнүп арыз жазган. Бул тууралуу «Азаттык» Кадырбек Атамбаевге шилтеме берип, жазып чыкты.
Маалыматта айтылгандай, Кадырбек Атамбаев «Социал-демократтар» партиясы эми Жогорку сотко арыз жазарын билдирген.
Эске салсак, 7-ноябрда, өлкөдө жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өтүп, шайлоо бюллетениндеги талапкер партиялардын арасынан «Социал-демократтар» партиясы чийилген.
Мындан улам 21-ноябрда аталган партиянын мүчөсү Кадырбек Атамбаев өзүнүн Фейсбук баракчасына «Социал-демократтар» партиясы «Борбордук шайлоо комиссиясынын аракеттерине карата административдик доо арыз менен Бишкек шаарынын административдик сотуна кайрылганын» билдирген.
14-ноябрда Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы «Социал-демократтар» партиясын Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуудан четтетүү чечимин кабыл алганы белгилүү болгон.
15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Турксеверди 13-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге Кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгогон.
Сүрөт: интернет булактары