«Адилет» укук клиникасы Байсаловдун ыйлап, жардам сурап келген күндөрүн эске салды

“Адилет” укук клиникасы жарандык коомду сындаган Эдил Байсаловго жооп катары,  өз кезегенде ыйлап, алардан укуктук жардам сурап келгенин, шайлоо бюллетенин мыйзамсыз жарыя кылып, мамлекетке 11 млн сом же 325 миң доллар зыян келтиргенин эске салды.    

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун  жарандык коомду негизсиз сындаганын  “Адилет” укук клиникасы «Кактус медиага» комментарийледи.

Байсалов жарандык коомдун бири да мыйзам долбоорунун талкуусуна катышпай, өз ишин аткарбай жатат, курулай көп сүйлөп, өзүн көрсөткүсү келишет, жакшы ой, негиздери жок деп сындаган.  “Адилет” укуктук клиникасынын юристтери Байсалов бул айткандары менен компетентсиздигин, объективдүү маалыматты билбей тургандыгын көрсөткөндүгүн белгиледи.

Тескерисинче, жарандык коомдун өкүлдөрү андай иш-чараларга дайыма активдүү катышканы тууралуу мисалдар көп.  Жарандык коом өкүлдөрү жана эксперттер Конституциялык кеңешменин курамында болуп, Конституциянын азыркы долбоорунун текстин даярдоого катышты.  Жарандык коомдун көптөгөн өкүлдөрү негизги 350 мыйзамды талкуулоодо жана инвентаризациялоодо активдүү иштеп жатышат.  Ошондой эле жогорку деңгээлдеги изилдөөлөрдү жүргүзүп, бийлик органдарына аналитикалык документтерди жана сунуштарды берүүдө.

“Адилет” укук клиникасынын юристтеринин айтымында, балким Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов атайылап чындыкка жатпаган маалыматтарды жайылтып,  кызматтык этиканы жана моралдык-нравалык ченемдерди бузуп жатат. Аткаминердин айткандары “ Туура эмес (жалган) маалыматтан коргоо” мыйзамы менен жазалоого туура келет.  

“Бир укуктук клиника адвокаттык коргоого каражаты жагынан камсыздалгандарды, олигархтарды, бул клиниканын досторун эле каржылайт, ал эми ач-жылаңач байкуштарды карабайт, анткени аларды жактоо менен акча таба албайсың” деген Байсалов.

“Эгер мында сөз  “Адилет” укук клиникасы тууралуу болуп жатса, Байсаловдун айткандары чындыкка дал келбейт” деди аталган клиниканын юристтери. Бул жерде социалдык секторду башкарып турган аткаминердин адамдардын ар кыл топторуна карата “ач-жылаңач”, “байкуштар” деп айтканы этикага туура келбестиги белгиленди.  

Маалымат үчүн “Адилет” укук клиникасы 2002-жылы түзүлгөн күндөн бери 33 миңге жакын юридикалык консультация бергенин, 5 миңден ашык кардарлардын укугун коргогонун, жарандык маселе жана документтер боюнча 30 миңден ашык адамга укуктук жардам көрсөткөнүн айтууга туура келет.  Ал эми айрым адамдарга, балдарга, качкындарга, журналисттерге, ЖМК, блогерлерге, куугунтукка кабылгандарга ж.б. акысыз жардам көрсөтүлөт.

Аталган укук клиникасы жарандардын ар кыл жааттагы укуктарын, анын ичинде саясий боек сүртүлгөн иштерди коргойт.  Саясий боек сүртүлгөн иштер куугунтукка кабылган адамдын социалдык абалына, байлыгына же башка жагдайларына карабайт.

Байсалов маанилүү маселени козгоп калгандыктан, бир ишти эске салууга туура келгенин айтышты. Эдил Байсалов 2007-жылы “Адилет” укук клиникасына келип, өзүнө кылмыш иши козголуп жатканын айтып,  юридикалык жардам сурап ыйлаган күндөрүн эске салды.

Анда Байсалов  шайлоо бюллетенинин сүрөтүн мыйзамсыз жарыялап жиберген. БШК ошондо даярдалган 2,7 млн даана бюллетенди жок кылуу токтомун кабыл алган.  БШК жана башкы прокуратуранын айтымында, Байсалов 11 млн сом же 325 миң доллар зыян келтирген. Байсаловго укук клиникасынын юристтери кылмыш иши жана саясий баш паанек алуу боюнча консультация бергендигин эсине салды.   

Андан 10 жылдан кийин укук клиниканын юристтери 2017-жылдын 18-мартында  Байсалов уюштурган сөз эркиндиги үчүн митингинин катышуучуларын жактаган.  Ал эми Байсалов митингдин катышуучуларын “эмне болсоң, ошол бол” деп таштай качкандыгын да юристтер анын эсине салды.    

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты