Министрлер кабинетинин өкүлү Газадагы аракеттерди токтотууга чакырды   

  • 1 месяц мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Газадагы гуманитардык абал тууралуу тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган фотокөргөзмөнүн ачылышында билдирүү жасады.

«Кыргызстан терроризмди айыптайт. Октябрда биз Израилдин жарандарына кол салууну айыптаганбыз. Биз Израил элинин өзүн коргоо укугун тааныйбыз, бирок жөөт өкмөтү өзүн эл аралык укуктан жана Бириккен Улуттар Уюмунан жогору коюуга укугу жок” деди Байсалов.

Израил аскердик операциясын былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) Газа секторунан кол салып, 1200 кишини, анын ичинен балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды барымтага алып кеткенде баштаган. Тилкенин ХАМАС көзөмөлдөгөн Саламаттык сактоо министрлиги ошондон бери сектордо 31 миңден ашуун палестиналык жай тургун, алардын арасында аялдар жана балдар да набыт болгонун билдирди.

БУУнун маалыматына караганда, анклавда 2,3 миллион киши жашаса, анын бери дегенде 576 миңи ачарчылык коркунучуна кептелди. Бир миллиондон ашууну жер которууга аргасыз болду. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты