Адилет Балтабайдын соту 22-сентябрга жылдырылды  

  • 2 года мурун

Бүгүн, 13-сентябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда активист Адилет Балтабайдын соттук иши 22-сентябрга жылдырылды.

Активисттин адвокаты Нурбек Сыдыковдун айтымында, сотко күбөлөр жана эксперттер келбей калганыктан сот отуруму 22-сентябрга жылдырылды.

Буга чейин, 2-сентябрда да, күбө Таалайбек Абдыкожоевдин келбей калганына байланыштуу, соттук отурум 13-сентябрга жылдырылган.

Адилет Балтабай 30-июнда «массалык башаламандыкка чакырык жасаган» деген айып менен камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту активистти бир айга камоо тууралуу өкүм чыгарган. 

Кийин сот Балтабайдын камактагы мөөнөтүн дагы бир айга узарткан.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты