«Адамды адам кылган бул анын абийири». Улуу жазуучу жана акылман Айтматовдун насыяты

Бүгүн улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы күнү окурмандарга журналист Жыргалбек Турдукожоевдин макаласын сунуш кылабыз.

Улуу жазуучу, гуманист жана акылман Чыңгыз Айтматовдун ааламы – көркөм адабият менен искусстводогу мурасында жана макалаларында жазып, интервьюларында айтып кеткен насаатында.

Китептеринде камтылган, маектешүүлөрүндө айтылган таасын ойлорунда, учкул сөздөрүндө Айтматов мораль, абийир, адеп-ахлак, гумандуулук маселелерине өзгөчө маани берген.

Төмөндө келтирилген насаат сөздөр, жогоруда айтылгандай, жазуучунун китептеринен, ар түрдүү жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет ресурстарында жарыяланган материалдардан алынды. Маалымат булактары негизинен орус тилинде болгондуктан, ал сөздөрдүн көбү кыргызчага которулду. Ырас, ал котормолордун арасында мурда эл оозунда айтылып, атүгүл, көп макала, расмий баяндамаларда шилтеме берилип, кеңири пайдаланылып келаткан сөздөр да бар. Алардын айрымдары, менин оюмча, анча так которулбагандыктан, Айтматовдун айткандары бурмаланып калган учурлар да кездешет.

Мисалы, “Перед каждым человеком стоит неизбывная задача — быть человеком, сегодня, завтра, всегда” (“Плаха”) “Ар бир адамдын алдында ишке ашкыс тапшырма турат, бүгүн, эртең жана дайыма адам болуу” (https://maralfm.kg/archives/642544) деп берилген (бул үзүндү, балким, “Плаха” (“Кыямат”) чыгармасын которгон котормочуга таандык, аны тактаган жокмун). Бул айтылган ойду ошол эле сөздөр менен жөнөкөйлөтүп, ошол эле учурда маанисин бузбай түшүнсөк, “бүгүн, эртең жана дайыма адам болуу – бул ар бир адамдын алдында турган ишке ашкыс тапшырма”. Менин ишенимимде, бул ойду өңгө айтса да, чыгармаларын АДАМГА арнап, АДАМ үчүн жазган, АДАМГА ишенген гуманист Айтматов айтмак эмес. Мында, менимче, кеп “неизбывная” деген сөздү “несбыточная” деген сөз менен чаташтырганда болууда. Иш жүзүндө “неизбывная” деген сөз контекстте “ишке ашкыс” дегенди билдирбейт, “кыйынчылык менен баштан өткөрүлүүчү” же “качып кутула албай турган” дегенди билдирет. Ошондуктан жогорудагы учкул сөздү “Ар бир адамдын алдында кыйынчылык менен баштан өткөрүүчү милдет – бүгүн, эртең, дайыма адам болуу милдети турат” деп котордум.

Анда Айтматовдун насыятына көңүл буралы.

1. “Адамды адам кылган бул анын абийири”.

2. “… абийир бул көөдөндөгү шыктануу жана ички тоскоол, “эмне жасоого уруксат берилет, эмнеге тыюу салынат, эмне – сонун, эмне – жаман?” деген суроолорго жооп. Эгер сен абийириң болуп адам өлтүрсөң, андан кийин өзүңдүн жаныңды кыясың. Эгер абийириң жок болсо, анда тынч уктайсың. Бардык маселелерде дал ушундай болот. Сен ойлонбой сүйлөп, кимдир-бирөөнү таарынтып алышың мүмкүн. Эгер абийириң болсо, эртеси таң атканда кечирим сурайсың. Бул – абийирдин эң жөнөкөй көрүнүшү. Ал эми булардын бийик жеринде башка категориялар – социалдык, жарандык абийир турат”.

3. Моралдык “принциптердин ичиндеги эң негизги принциптер – коомдун жыргалчылыгы үчүн ак ниет эмгек, адамдардын ортосундагы гумандуу мамилелер жана бир бирин урматтоо, ак ниеттик жана чынчылдык, адилетсиздикке келишпестик. Атап айтканда, бул – абийирдин ажырагыс бөлүктөрү, ал эми абийир, өз кезегинде, жарандуулуктун кыймылдаткыч күчү болуп саналат”.

4. “… адамдын накта адамдык маңызы абийири менен жашаганында, ал иш-аракетин башка бирөөнүн түрткүсү менен эмес, өз абийири, көөдөнүндөгү, негизги жана акыйкат сот менен жасаш керек”.

5. “… тил – тарыхый субъект катары ар бир улуттун жашоо-турмушунун эң баштапкы өбөлгөлөрүнүн бири. Ар бир улут — өз алдынча баалуу. Чоң улут болобу, кичине улут болобу, ар бир улут түбөлүктүү болууну эңсейт, бул – табигый укук”.

6. “Эне – Ата мекендин башталышы, эне — бул эне тил, эне — бул эмчек сүт менен бирге жаралган абийир”.

7. “… менин оюмча, кызыктуу бир парадокс бар: эгер менин мугалимдерим, сөзсүз, билим деңгээли жагынан азыркы педагогдорго жетчү эмес, ал эми адеп, абийир сапаттары жагынан алар кыйла өйдө болгонун көрүп турам”.

8. “Канча замандан бери адамдар жалкоолуктан өмүрүндө канча кырсыкка, жамандыкка дуушар болгонун жана азыр да дуушар болуп келатканын түшүнбөйт”.

9. “Мекенди көтөрүп кетүүгө мүмкүн эмес, кусалыкты гана көтөрүп кетүүгө болот. Эгер Мекенди кап сыяктуу көтөрүп кетүүгө мүмкүн болсо, анда анын баркы болмок эмес”.

10. “Жердин кыры жок, коркоктун Ата мекени жок”.

11. “Ар бир адамдын алдында кыйынчылык менен баштан өткөрүүчү милдет – бүгүн, эртең, дайыма адам болуу милдети турат”.

12. “Бир нерсе жасап бүткөрүп, эми тынчыраак жашаймын деп ойлойсуң, а бирок, андай болбойт, жашоо дагы бир нерсени сөзсүз ойлоп табат”.

13. “Жакшылык жолдо жатпайт, аны капыстан таап албайсың. Адам жакшылыкты адамдан үйрөнөт”.

14. “Бакыт барда ал жөнүндө ойлонушпайт”.

15. “Жакшылыгыңды тартып алса, ээн талаада калбайсың, тирүү каласың, бирок, жан-дүйнөң тебеленип, аны эч нерсе менен оңдой албайсың”.

16. “Көптөгөн адамдар оорудан өлбөйт, алар ээ-жаа бербеген, жеп келген түбөлүк кумардан — өзүнүн турган турпатынан өзүн бараандуу көрсөтүү сезиминен өлүшөт”.

17. “Достор бактысыз күндөр башка түшкөндө таанылат, деп айтышат, менимче, алар бактылуу болуп турганыңда да таанылат”.

18. “Миңдеген адамдардын арасында жүрсөң да жалгызсың, өзүң менен өзүң болсоң да жалгызсың”.

19. “Тааныгандары тирүү кезинде адам өлбөйт”.

20. “Адам кайгыга батып турганда, анын ар бир сөзүнүн артында ондогон айтылбаган сөздөрү бар”.

21. “Акыр заман биздин үзгүлтүксүз жамандыкты топтогонубузда, жасаган ишибизде жана ойлорубузда экенин адамдар түшүнүүсү керек”.

22. “Бакыт барда ал жөнүндө ойлонушпайт”.

23.     “Сүйүү — бул өзүңдү башка адамда жоготуу”.

24.     “Улуттун өлбөстүгү – анын тилинде”.

25. “… бакубат жашоо-турмуш өзүнөн өзү келип калбайт, ага жетиш үчүн нечен кыйынчылыктарды баштан кечирип, мээнет кылуу, күрөшүү керек”.

26. “Манас” эпосу – кыргыз элинин маңдайына бүткөн жылдыз”.

Даярдаган Жыргалбек Турдукожоев, журналист.

«ПолитКлиника» медиасы үчүн

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты