Талас: Төрөкул Айтматов жана Чыңгыз Айтматовго арналган иш-чара өттү
- 2 ай мурун
- Фоторепортаж
30-сентябрда улуттук «Манас Ордо» комплексинде саясий жана мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун 120 жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Иш- чараны Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү уюштурган.
Маданий программа жана улуттук оюндар менен коштолгон иш-чарага бир катар расмий өкүлдөр, атайын чакырылган коноктор жана жергиликтүү тургундар катышты.
Уздар жана чеберлер арасында «Кылым карыткан кыргыз ала кийизи» эл аралык фестивалы, Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы обондуу ырларды жандуу аткаруу боюнча сынагы өтүп, Төрөкул Айтматов менен Чыңгыз Айтматовго арналган сүрөт көргөзмө уюштурулду.
Кечинде Айтматовдордун өмүр жолун чагылдырган театрлаштырылган оюн-зоок тартууланып, аны концерттик программа коштоду.












Сүрөттөр: Маданият министрлигинин басма сөз кызматы.