Анталья шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы китепкана ачылды

  • 6 месяцев мурун

Анталья шаарынын Муратпаша муниципалитетинин аймагында жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакта кыргыздын чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматов атындагы китепкананын салтанаттуу ачылыш аземи болду. Ачылыш азем Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулду.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта салтанатка элчи Руслан Казакбаев, башкы консул Рустам Кошонов, жазуучунун уулу Элдар Айтматов, Анталья облусунун губернаторунун орун басары Мустафа Хулуси Арат, Антальянын Муратпаша муниципалитетинин мэри Үмит Уйсал, “Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форуму” эл аралык коомдук бирикмесинин вице-президенти Динара Жумабаева, Түркиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, анда аккредитацияланган дипломатиялык корпус жетекчилери, өкүлдөрү, академиялык коомчулуктун, бизнес чөйрөлөрүнүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, мекендештер жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чара кыргызстандык акындардын айтышы менен башталып, ардактуу коноктордун куттуктоо сөздөрү менен уланды.

Түркиядагы элчи Руслан Казакбаев китепкана маанилүү маданий борборго айланып, өз өлкөсүнө, элине берилген муунду тарбиялоого көмөктөшөт деген ишенимин билдирди.

Иш-чаранын алкагында жазуучунун реставрацияланган бюсту да ачылды. Айтматовдун бюстун калыбына келтирүү долбоору Анталья шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун демилгеси менен Аланиядагы мекендешибиз Венера Кожоеванын көмөгү менен ишке ашырылган.

Парктын аймагында улуттук боз үй орнотулуп, анда конокторго кыргыздын улуттук даамдары жана суусундуктары, ошондой эле улуттук кийизден жасалган буюмдар, кийимдер жана сувенирлер тартууланды.

Консулдук Муратпаша райондук мэриясы менен бирге бир жыл бою китепкананы ачуу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча иш алып барды.

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты