Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгы. Президенттин куттуктоосу

  • 5 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 75 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарды куттуктады.

Садыр Жапаров мындай деп баса белгиледи:  

“Кыргыз Республикасы адам укуктары боюнча эл аралык коомчулуктун жооптуу катышуучусу катары декларациянын фундаменталдык принциптерин сактоого бардык күч-аракетин жумшап жатканын баса белгилеп кетейин. Бул маанилүү документтин принциптери биздин Конституцияда жана негизги мыйзамдарда бекем орун алып, ар бир жарандын укуктарын жана эркиндигин коргоого умтулуубузду айгинелеп турат.

Бүгүн биз Адам укуктарынын күнүн белгилеп жатып, бул принциптердин жашообуздагы маани-маңызын жакшылап аңдап-түшүнүүбүз зарыл. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны өзүнүн укуктары корголгондугун, мамлекеттин адам укуктары жаатындагы жогорку стандарттарды сактоого умтулгандыгын сезе алгыдай болушу кажет” деди мамлекет  башчы.

“Бүгүн — маанилүү маараке, 1948-жылдын 10-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгы!

Бул документ жер жүзүндө ар бир адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин коргоонун стандарттарын белгилөө менен тарыхта өзүнүн изин калтырды.

Адам укуктарынын жалпы декларациясы ар бир адамдын кадыр-баркын жана эркиндигин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон принциптерди камтыган алгачкы универсалдуу документке айланды.

Анын принциптери көптөгөн эл аралык келишимдерди жана конвенцияларды иштеп чыгуу үчүн негиз болуп берди. Ошону менен бирге ал принциптер көптөгөн мамлекеттердин, анын ичинде кыргыз мамлекетинин негизги мыйзамдарына киргизилген.

Эгемендикке ээ болгондон бери Кыргызстан ар бир жаранды коргоого умтулуу максатын аныктаган бул негизги документтин катышуучусу болуп саналат.

Урматтуу мекендештер, Адам укуктарын коргоо күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Жалпы кыргызстандыктарды ар бир жарандын укуктары менен эркиндигин урматтоону бекемдөө үчүн биргелешип иштөөгө чакырам» деп айтылат куттуктоодо.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты