Президент Жапаров БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк менен жолугушту

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров 19-мартта Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк менен жолугушту.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.  

Анда айтылгандай, адам укуктарын коргоо жана илгерилетүү, сөз эркиндигин камсыз кылуу, демократиялык институттарды чыңдоо, ошондой эле адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку Комиссарынын башкармалыгы менен кызматташуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчы Кыргызстанда демократиялык башкаруу формасын чыңдоо, укуктук мамлекетти куруу, улуттук мыйзамдарды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү, сот жана укук коргоо системасын реформалоо процесстери ырааттуу жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

“2021-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул иш-чаралар өлкөнүн мыйзамдык базасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү, анын ичинде жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында аткарылууда. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кылмыш-жаза мыйзамдарын гуманизациялоо боюнча ырааттуу иш алып барууда” деди президент.

Мамлекет башчы Кыргызстанда ЖМКлардын, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды кабыл алуу жалпы коомчулуктун жана бардык кызыкдар тараптардын катышуусунда өтүп жатканын баса белгиледи.

БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Фолькер Түрк өз кезегинде Кыргызстандан социалдык-экономикалык өнүгүү, Борбор Азия аймагында тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу жаатындагы алгылыктуу реформалар жана жетишкендиктер тууралуу жаңылыктар улам келип жатканын айтты.

“Биз Кыргызстанга укук үстөмдүгүн, туруктуулукту, адам укуктарын коргоону жана сактоону камсыздоого багытталган бардык маселелер боюнча зарыл болгон бүт жардамды берүүгө даярбыз” деп ишендирди Фолькер Түрк.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты