Депутаттар жана юстиция министри Венеция комиссиясынын ишине катышууда
- 2 месяца мурун
Италиянын Венеция шаарында адам укуктары, мыйзам чыгаруу ишмердиги тууралуу Венеция комиссиясынын 142-пленардык жыйыны өтүүдө. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Гуля Кожокулова, Замирбек Мамасадыков жана юстиция министри Аяз Баетов катышууда.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында маалымат берилди.
Анда айтылгандай, жыйында Кыргызстанда аялдар менен балдардын укуктарын коргоо, зомбулуктун алдын алуу боюнча мыйзамдык демилгелер жана аткарылып жаткан чаралар талкууланды. Бул боюнча “Альянс” парламенттик фракциясынын лидери Жанарбек Акаев сөз сүйлөдү.
Венеция комиссиясына 62 мамлекет мүчө. Кыргызстан аталган комиссияга 2004-жылы толук кандуу мүчө болуп кошулган.
Сүрөт: kenesh.kg
Муну бөлүшүү