Адам өмүрүнө кол салууга жеткирүүгө шектелген Максат Амангулов боюнча айылдаштары кайрылуу жасады (Видео)  

2023-жылдын 16-декабрында Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылынын тургуну, асынып алган 20 жаштагы Байэл Рысалиевди өмүрүнө кол салуу абалына жеткирүүгө шектелип Максат Амангулов 48 саатка камалды.

Анын апасы, жакындары, аны тааныгандар  жана айылдаштары кайрылуу жасап, бул ишти адилет тергөөнү суранышты. Алар президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, сотторго кысым болуп, ак жеринен Максат Амангуловду адам өмүрүнө кол салууга шектүү катары көрсөтүп жатышканын билдирип, бул ишке көңүл буруп коюуну өтүнүштү.

48 саатка камалган Амангулов Максаттын апасы мындай деди:  

-Милиция кызматкерлери Амангулов Максатты Байэл Рысалиевдин өлүмүнө тиешелүү тергөөгө чакырып, мыйзамсыз камап коюшту.

Кечээ Рысалиев Байэлдин апасы Жапарова Айнура кайрылуусунда жалаа жаап, уулумду «ОПГнын» мүчөсү дептир. Уулум «ОПГнын» мүчөсү эмес, бул калп. Менин балам, адамды өлүмгө жеткирмек түгүл, катуу сөз айткандан коркот. Уулум ак жеринен күйүп жатат.Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич ушул ишти адилеттүү карап берсеңиздер.-деди апасы.

Каза болгон баланын сотто иштеген туугандары тергөөгө кысым кылып жатышат. Тергөө аяктаганга чейин боштондукка чыгарышсын. Балам тергөөгө учурунда барып турган,  тоскоолдук кылган эмес, -деди Максаттын апасы.   

Ошондой эле  Максат Амангуловдун жакындары, аны жакшы тааныган айылдаштары бул иште калыстыкты, жана тергөө аяктагыча үй камагына чыгарууну суранышты.

Ысык-Көл районунун ички иштер бөлүмү ЖМКга билдиргендей, “адамды өмүрүнө кол салууга жеткиргендиги” үчүн кылмыш иши козголгон. Бул иш боюнча Чолпон-Ата шаарынын 26 жаштагы тургуну А. М. кармалган. Сот тарабынан бөгөт чарасы каралмайынча, А.М. убактылуу абак жайына камалган.      

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты