Адам өлтүрүүгө шектелген айыпталуучу Польшадан алынып келинди
- 2 года мурун
Польшанын юстиция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын башкы прокуратурасынын Н.К.Д. аттуу жаранды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талабы канааттандырылды.
Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
“Шектүү 2011-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүргөндүгү үчүн айыпталууда. Эл аралык издөөгө алынган жаран 11 жылдан ашуун жасалма паспорт колдонуп Украина жана Түркиянын аймагында качып жүргөн. 2022-жылдын 10-сентябрында КР башкы прокуратурасынын тапшырмасынын негизинде ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан айыпталуучу Польшадан Кыргызстанга алынып келинди” деп айтылат билдирүүдө.
Издөөдө жүргөн шектүүнү экстрадициялоо иш-чарасы 6 айга созулган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.