Адахан Мадумаров менен Азимбек Бекназаров суракта беттештирилди

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров менен Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров кыргыз-тажик чек арасы тууралуу иш боюнча суракта беттештирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Башкы көзөмөл органынан билдиришкендей, Бекназаров июнь окуясы боюнча Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев менен дагы беттештирилди.

Адахан Мадумаров 19-январда Башкы прокуратурага дагы бир жолу сурак берип чыкты. Саясатчы 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта күбө катары суралып баштаган.

Ал эми Азимбек Бекназаров 2010-жылдагы Ош коогалаңы боюнча көрсөтмө берүү үчүн Малайзиядан Кыргызстанга келгенин, тергөөнүн Мадумаров боюнча суроосуна жооп берүүгө макул болгонун айткан. Бирок «ага каршы көрсөтмө берүүгө келди» деген сөздөр негизсиз экенин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты