Абу-Даби сапары: Биргелешкен компанияны ишке киргизүүнү тездетүү зарылдыгы белгиленди

  • 7 месяцев мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарына сапарынын алкагында БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри – БАЭнин тышкы иштер министрлигинин БАЭнин Кыргыз Республикасы менен кызматташуу маселелери боюнча атайын өкүлү Сухейл Аль-Мазруи менен сүйлөшүү жүргүздү.

Бул тууралуу МинКаб басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-эмират кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Анда тараптар Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорлорду андан ары ишке ашыруу үчүн негиз боло турган “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” биргелешкен холдингинин ишмердүүлүгүн талкуулашты. Бул багытта биргелешкен холдингдик компанияны практикалык негизде ишке киргизүүнү тездетүү зарылчылыгы белгиленди.

Андан ары тараптар энергетика, гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшүн кеңири талкуулашты, атап айтканда, “Масдар” компаниясы тарабынан Ысык-Көл облусунда күн фотоэлектр станциясынын курулушу айтылды.

Мындан тышкары, тараптар Кыргыз Республикасында жаштардын футбол академиясын куруу долбоорун талкуулап, долбоордун акыркы эсептөөлөрү Эмират тарапка берилди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки тарапты кызыктырган бардык долбоорлорду тездетүү боюнча макулдашууга жетишилди, тараптар бул багытта максималдуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты