Абхазиянын президенти отставкага кетүү арызын жазды
- 2 года мурун
Абхазиянын президенти Аслан Бжания отставкага кетүү арызын жазды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
“Өлкөдө туруктуулукту жана Конституциялык тартипти сактоо үчүн мен Абхазия Республикасынын президенти катары “отставка кетүүнү суранам” деп жазды парламентке. Анын арызын парламент карайт. Өлкө башчысынын милдетин вице-президент Бадра Гунба аткарат. Ошондой эле премьер-министр Александр Анкваба да отставкага кетет. Анын ордуна мурда премьер-министр болгон Валерия Бганбу келээри айтылууда.
Бирок нааразылыкка чыккандар өкмөттүк имараттарды бошотсо, анда президент арызын кайтарып алаары айтылды.
Абхазиядагы толкундоолор бир жума мурда башталган, алар Москва менен Сухуминин ортосундагы инвестициялык келишимге нааразы болушкан. Алар Россия менен мамилеге каршы эмес, бирок Орусия олигархтарынын жана президент Бжаниянын “жеке кызыкчылыгы” үчүн келишимге каршы чыгышкан. Нааразылык акциясына чыккандар өкмөттүк имараттарды басып алышкан.




