Абдупата Маткаликов «Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын» директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө көрсөтүлдү
- 3 недели мурун
Бүгүн, 25-июнда, депутаттар «Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин курамына талапкерди көрсөтүү жөнүндө Жогорку Кеңештин токтом долбоорун кабыл алышты.
Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Алтынбек Кудайбердиев «Ала-Тоо» депутаттык тобу аталган директорлор кеңешинин курамына Абдупата Маткаликовдун талапкерлигин сунуштаганын маалымдады.
Сунуш колдоого алынып, Абдупата Маткаликов Мамлекеттик өнүктүрүү юанкынын директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө көрсөтүлдү.
Абдупата Маткаликов жакында Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын мэри кызматынан бошотулган.
Сүрөттө: Абдупата Маткаликов. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




