Абдирашит Ташбалтаев Лейлек районунун акиминин милдетин убактылуу аткарат   

  • 3 года мурун

Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акиминин милдеттерин убактылуу аткаруу Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын — акимдин биринчи орун басары Абдирашит Ташбалтаевге  жүктөлдү. 

Алмазбек Рахманкулов 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-  акими  ээлеген кызматынан четтетилди. 

Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акиминин милдеттерин убактылуу аткаруу Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын — акимдин биринчи орун басары Абдирашит Ташбалтаевге  жүктөлдү. 

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 27-октябрда, алдыдагы парламенттик  шайлоого аралашкандыгы үчүн Баткен облусунун Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов кызматтан четтетилгенин Министрлер кабинетинини төрагасы Акылбек Жапаров билдирген.

Президенттик администрациянын Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Алтынбек Эргешев Баткен облусундагы мамлекеттик органдардын жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, анда Алмазбек Рахманкуловду четтетүү жөнүндө чечим окулду.

Мындан сырткары, Исфана шаарынын мэри Чыңгызбек Рысовго катуу сөгүш берүү тапшырмасы берилди.

23-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун маалымат жыйынында акимдердин бирөөсүнүн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин пайдасына үгүттөөгө катышкандыгы тууралуу маалымат айтылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты